Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

15:25 Бишкекте үч адамды атып өлтүргөн деп шектелгендер аныкталды


Аларды милиция кызматкерлеринин бир нече тобу кармоого жөнөп кетти. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди. ИИМдин маалымдоосуна караганда, 13-октябрда кечке жуук Бишкектеги Обьездной көчөсүндөгү жер төлөдөгү тирде ок тийип өлгөн үч адамдын сөөгү табылган. Алардын бири мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын башчысы генерал Ж.Бошкоевдин жубайы М.Бошкоева экени аныкталган. Андан сырткары Р.Ирсалиев жана У.Султановдун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери иликтөө ишин жүргүзүүдө. Шектүүлөр аныкталып, алардын дареги боюнча оперативдик топ жөнөп кетти.(AiT)

XS
SM
MD
LG