Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

16:46 Жогорку Кеңештин комитети Боинг-737 учагын сатып алууну жактырды


Транспорт, коммуникация, соода, өнөр жай жана курулуш комитетинин жыйыны бүгүн болуп, анда беш маселе каралды. Алардын ичинен Кыргызстанга учуп келип жаткан жана өлкөнүн өзүнө таандык учактардын абалы тууралуу маселени кароону ноябрь айына которду. Мындай чечимге Транспорт жана коммуникация министрлигинен тийиштүү маалыматтын өз убагында келбеши себеп болгон. Комитет жыйынында Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан мурда колдонулган Боинг-737 учагын сатып алуусу колдоого алынды. Комитет мүчөлөрүнөн депутат Бегалы Наргозуев каршы добуш берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы Улукбек Ормонов “Азаттыкка” билдирди. Анын маалыматына караганда, транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов учак сатып алуу үчүн өкмөт тарабынан бөлүнгөн 13 миллион доллардын 6.5 миллион долларыа президентке Кинг Айр-350 деген учак сатып алынганын кабарлаган. Ал учак декабрь айында Манас аба майданына келмекчи. (AiT)

XS
SM
MD
LG