Атап айтканда, өкмөт кыйнчылыктарга туш болгон банктардан 250 миллиард долларга акцияларды сатып алууну көздөөдө. Бул чара 9 ири банкты камтыйт. Каражат куткаруу планында каралган 700 миллиард доллардан алынат. Буга чейин АКШ өкмөтү банктардын карыздарын сатып алууга көбүрөөк көңүл буруп келген. Кечээ европалык бир катар өлкөлөр банктарды колдоо планын жарыялашкан. Бул жарыядан кийин биржалардагы индекстер кескин көтөрүлдү.
АКШ өкмөтү каржы рыногун турукташтыруу багытындагы мындан аркы чараларын бүгүн жарыяламакчы