Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

ОШТО БИЗНЕСТИН 40 ПАЙЫЗЫ КОҢУЛДА ЖАТАТ


Чакан жана орто бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан жыйында Ош облустук бийлигинин бөлүм башчысы аймакта ишкерлер үчүн камкордук жетиштүү, алардын эсебинен мамлекеттик казынага жыл башынан бери бир миллиард сомдон ашык киреше түштү деп жарыялады. Мындай фактыга ишкерлер кошула албастыгын билдиришүүдө. Ошол эле учурда дүйнөлүк абройлуу уюм – ЕККУнун иликтөөсү айгинелегендей, оштук бизнесмендердин 40 пайызы тармактагы коррупциядан качып көмүскө экономикага ооп кетишкендиги байкалат.

Акыркы мезгилде ыксыз текшерүүлөр тыйылып, ишкерлердин өз алдынча иштөөсүнө жагымдуу шарттар түзүлдү. Мына ушундай мамлекеттик колдоонун аркасында жыл башынан тартып чакан жана орто бизнестин эсебинен облустун бюджетине 1 миллирддан ашык сом киреше түшүп олтурат. Бул туурасында Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин экономикалык өнүгүү жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Казымбек Курбанов жыйында маалымдады.

Бирок Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун «Жергиликтүү бийлик органдарынын экономикалык аракеттерин колдоо» долбоорунун менеджери Өмүрбек Алманбетов салыктын көптүгү жана ыксыз текшерүүлөр ишкерлердин кендирин кесип жаткандыгын баса белгиледи. Ошого улай дүйнөлүк абройлуу уюм – ЕККУ калктын ар кандай катмарынын катышуусунда сурамжылоо жүргүзгөндүгүн, анын натыйжасы айгинелегендей, Оштогу бизнесмендердин 40 пайызы тармактагы коррупциядан качып, көмүскө экономикага ооп кетишкендигин жарыялады.

- Салык дагы деле болсо Кыргызстанда абдан жогору деңгээлде болуп жатат. Экинчиси, жер-жерлерде дагы эле текшерүүчү органдар ыксыз текшерүүлөрдү көбөйтүп, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте иш жүргүзбөй жеке ишкерлерди кыйнап жаткан учурлар болуп жатат. Бирок, көпчүлүк маселени чечүү жагында ушул коррупцияга аралашып кеткен учурлар да кездешет. 40 процент көмүскө экономикада иштеп жаткандын себеби ушунда,- дейт Өмүрбек Алманбетов.

Чоң-Алайлык ишкер Абыт Койлубаев мамлекеттик колдоонун начардыгына тызылдады. Мисалы, Чоң-Алайда туздун кени бар. Ал жерге кара күч жумшап, райондун малын өзү жалгыз тоют, туз менен тейлегенге үлгүрүүдө. Эгерде өкмөт дадил инвестор табууга жардамдашса, тамак-аш, тузун иштеп чыгарган завод куруп, аны менен Кыргызстандын түштүк калкын камсыз кылса болот эле.

- Түштүк регион боюнча бир гана Чоң - Алай районунда туз кенинин запасы бар. Аш - тузуна айландыруучу завод куруп бергенге жардам берсе. 20 тоннадан 200 тоннага чейин аш тузун чыгарса болот.

Кесиптешинин кебин кубаттаган Алай райондук ишкерлер союзунун төрагасы Шермамат Сыдыковдун пикиринче, тоолуу аймактар эт, тери, жүн, сүт продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларга муктаж. Ошондуктан, мамлекет узак мөөнөттүү кредит, ссуда маселесин чечмейминче, иш илгерилеши кыйын.

- Президентибиз Бакиев аларга жолугушууга барганда кичине цех куруп бериңиз деп айтылган. Жыйынтыгы боло элек. Ай сайын төлөп туруучу кредиттерди сунуш кылып жатышат. Ишкерлерде көп жылдык кредит, ссудаларды бергенде гана бутуна турушу мүмкүн. Ай сайын процент төлөөгө биздин шарт келбейт.

Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин түштүк аймактык жетекчиси Искендербек Маматовдун айтымында, Ош облусунда чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө олуттуу деле тоскоолдук жок.

- Мыйзамсыз же уруксатсыз текшерүүлөрүнө бөгөт коюп, буга жер-жерлердеги биздин бөлүмдөр дагы тиешелүү деңгээлде иш алып барып жатат.

Искендербек Маматов билдиргенине караганда, оштук ишкерлердин кредит, ссуда жана инвестиция жаатындагы талаптары өкмөттүк деңгээлде каралуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG