Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:31

8:00 Игорь Чудинов: Кышкысын Бишкекте жылуу болот


Борбор калаанын тургундарын жана меймандарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн Бишкек ТЭЦи толук даяр, аны толук ремонттон өткөрүү үчүн 350 млн сомдон ашуун каражат сарпталды, деп билдирди кечээ өкмөт башчы Игорь Чудинов журналисттерге. Анын айтуусунда борбордук ТЭЦти көмүр, газ жана мазут менен камсыз кылуу да жолго коюлду. “Өзүңүздөр көрдүңүздөр, өткөн жумадагы саммит учурунда бул маселе жогорку деңгээлде чечилди. Буга байланыштуу келишимдер түзүлдү, акча төлөнө баштады,” деп билдирген премьер-министр жылуулук мезгили келери менен шаарда электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү да токтотуларын кошумчалады.
Ушул тапта Бишкек ТЭЦинде 250 миң тонна көмүр бар, дагы 350 миң тонна көмүр апкелинүүгө тийиш. Борбордук ТЭЦте кышкысын күнүнө 6-7 миң тоннадан көмүр жагылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG