Муну Акүй мойнуна албай жатат, деп белгилеген социал-демократчы депутат айым өлкөдөгү азыркы абал өтө кооптуу деп белгиледи. Анын таңкы “Азаттыкта” маектешүү учурунда айтканы боюнча азыркы болуп жаткан окуялар өкмөт үчүн, бийлик үчүн чоң бир коңгуроо. Азыр ичинен жарылып жаткан бийлик элди мындай энергетикалык, азык-түлүк коркунучунан алып чыга албайт. Өлкө экономикалык жактан, саясий жактан өтө коркунучтуу абалда тургандыгын кечээ эле президенттин командасынын бир өңүрүн түзүп келген “Жаңы Кыргызстан” партиясы да айтып кетти. Мунун баарын биз бир жылдан бери парламенттик микрофондон, үч жылдан бери оппозициялык трибунадан айтып келдик, дейт Роза Отунбаева.(ZKo)