Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

10:37 Ноокаттагы окуяга байланыштуу 31 адам камакка алынды


Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, 1-октябрда Ноокат район акимиятын таш-бараңга алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 31 адам камакка алынды. Камакка алууга санкция Ош шаардык соту тарабынан берилди. Азыркы учурда Ош облустук прокуратурасы тергөө ишин улантууда жана таш-бараңга алууга тиешеси бар башка адамдарды да кармоого аракеттер жасалууда. Ноокаттагы окуяга байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 156, 223, 341 жана 174 беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөргө жогорудагы беренелер караштырган бийликке каршы күч колдонуу, жаштарды кылмышка тартуу, мүлктү зыянга учуратуу жана массалык баш-аламандык жасаган деп айып коюлууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG