Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

13:18 Кыргызстанда Элдик революциялык кыймыл түзүлдү


Кыймылдын максаты президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда конституциялык жол менен кызматтан кетирүү. Бул тууралуу кыймылдын лидерлери бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Маалымат жыйынына кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров, мүчөлөрү Анвар Артыков, Топчубек Тургуналиев, Рамазан Дырылдаев, Эркин Бөлөкбаев катышты. Революциялык кыймыл калкка кайрылуу кабыл алып, анда Акаевдин доорундагы коррупция баш болгон терс көрүнүштөр жаңы бийлик тушунда күчөп, ыңкылаптын максаттары ишке ашпай калганы белгиленген. Кайрылууда Кыргызстан Элдик революциялык кыймыл максатына жетсе убактылуу өкмөт түзүлүп, Жогорку Кеңешке жаңы шайлоолорду өткөрөрү, шайлоо менен катар калкка бийлик системасын тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилери айтылган. Революциялык кыймыл өз максатына жетүү үчүн саясий күрөштүн бардык акцияларын өткөрмөкчү.(AiT)

XS
SM
MD
LG