Биржалык индекстер менен акциялардын баасы соңку эки күндө кыйлага өскөн эле. Бирок бүгүн кайра бир аз төмөндөөсүн инвесторлор глобалдык рецессиядан жана дүйнөнүн ири өлкөлөрү көргөн чаралар экономиканы жандандыра албайт деген чоочулоосуна байланыштырышууда. Мунайдын бир барреллинин баасы азыр 79 долларга түштү. Быйылкы жыл ичи ал 147 долларга чейин чыккан учурлар болгон.