Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Орусия жана Грузия августтагы согуштан берки алгачкы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө


Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мундун айтымында, бүгүн Женевада жабык эшик артында өтүп жаткан сүйлөшүүлөр тараптар ортосунда ишенимди калыбына келтирүү максатын көздөйт. Бирок сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы белгисиз, уюштуруучулар жыйынга байланыштуу маалыматтарды купуя кармашууда. Анда Орусия менен Грузия чынында эле бетме-бет сүйлөшүп жаткан–жатпаганы беймаалым. Анткени Грузиянын эки жикчил чөлкөмүнүн өкүлдөрүнүн ошол сүйлөшүүлөргө катышуусу боюнча эки ортодо пикир-келишпестик чыккан. Өзүн көз карандысыз мамлекет катары тааныган Абхазия менен Түштүк Осетиянын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөргө катышуусун Орусия талап кылса, Грузия буга караманча каршылык билдирген. Бир күндүк сүйлөшүүлөргө БУУ, Еврошаркет жана ЕККУ теңтөрагалык кылууда. Ок атышууну токтотуу боюнча Еврошаркеттин ортомчулугу астында жетишилген макулдашууга ылайык Орусия өткөн аптада Түштүк Осетия менен Абхазиянын айланасындагы буфердик зоналардан аскерлерин алып кетти.

XS
SM
MD
LG