Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Орусия жана Грузиянын өкүлдөрү Женевада эл аралык ортомчулар менен жолукту


Грузия менен Орусия августа Грузиянын жикчил чөлкөмү Түштүк Остетиядан улам согушкандан кийин өткөн бул жолугушуу, Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мундун айтымында, тараптар ортосунда ишенимди калыбына келтирүү максатын көздөйт.

Жабык эшик артында өткөн талкуу, БУУнун маалымат катчысы Елена Пономареванын билдиргенине караганда, жарым күндөн кийин эле аяктады.

Грузиядан ажырап кеткен Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамбанын айтымында, Грузия менен Орусиянын расмий өкүлдөрү бүгүн бетме-бет жолуга алган жок.

Бир күндүк сүйлөшүүлөргө БУУ, Еврошаркет жана ЕККУ теңтөрагалык кылды.

XS
SM
MD
LG