Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

7:15 Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү


Өкмөт башчынын кечээки буйругу менен 5-октябрда Алайдын Нура айлында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн комиссияга 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев төрагалык кылат. Ошондой эле комиссиянын курамына бир катар өкмөт мүчөлөрү, Ош облусунун губернатору Аалы Карашев кирди. Премьер-министрдин буйругуна ылайык аталган комиссия зилзаланын кесепеттерин жоюу жана андан жабыркаган элге берилип жаткан жардамдар боюнча иш-чаралардын аткарылышына, Нуралыктардын эсебине “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын Оштогу бөлүмү аркылуу келип жаткан акча-каражаттардын туура, даректүү бөлүштүрүлүүсүнө, акча жанаа товар түрүндө келип жаткан гумжардамды максаттуу пайдаланууну ишке ашырууга катуу көзөмөл кылууга тийиш. Өкмөттүн буйругунда айтылгандай жер титирөөдөн жабыркагандардын атайын эсебине келип жаткан каражат өкмөттүк комиссиянын чечими менен гана сарпталууга жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG