“Дин ишениминин эркиндиги” тууралуу мыйзам долбоору бардык диндерге бирдей болууга тийиш, долбоорду талкуулоодо Кыргызстандагы бардык диний уюмдардын сунуштары эске алынуусу керек, дешет христиан дин агымдарынын айрым мүчөлөрү. Мындай иш-чара аталган мыйзам долбоорун парламенттин пленардык отурумунда кароо жана 1-окуудан кабыл алуу учурунда да болгон жок, дешет алар. Буга байланыштуу бүгүн христиан-баптист чиркөө биримдигинин төрагасы, 7-күн адвентисттер чиркөөсүнүн вице-президенти, евангелдик ишеним чиркөөсүнүн пастору жана евангелдик-лютерандык чиркөөнүн епискобу маалымат жыйынын өткөрүп, дин ишениминин эркиндиги боюнча мыйзам долбооруна карата пикирлерин билдирмекчи.(ZKo)