Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

17:42 Жалал-Абат облусунда чек ара маселесин чагылдыруу деген темада талкуу болуп өттү


Ага облустагы маалымат каражаттарынын, бийликтин, чек ара айылдарынын жашоочулары катышты. Анда чек ара толук такталбагандыктан кошуна өлкө жарандарынын миграциясы күчтүү экендиги, ири өлчөмдө азык-түлүк, жашылча жемиш, буюм-тайымдарды ташып өтүү паракордук менен коштолору белгиленди. Чек ара айылдарында жашагандарды каттаганда Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө өзбекстандык 126 үй-бүлө жашап турганы ырасталган. Чек ара окуяларын аныктап - тактоодо жергиликтүү журналисттерге каражат жана унаа жетишпейт, ал окуялар тууралуу чек ара кызматы убагында маалымат бербейт, чек ара маселеси көбүн эсе бир жактуу чагылдырылат. Делимитация жана демаркация иштери создугууда. Өзбекстан менен чектешкен Дерес айылында 70 гектардан ашык жер Аксы районуна карай тургуну айыл тургуну Бакыт Үзөнбаевдин жеке аракети менен аныкталган. (YA)

XS
SM
MD
LG