Европа Биримдигинин жетекчилери бейшемби күнү Брюсселде өткөн саммитте, дүйнөлүк финансылык системаны кайра карап чыгуу боюнча шашылыш эл аралык жыйын өткөрүү зарыл деген бүтүмгө келишкен. Биримдиктин учурдагы төрагасы, Франциянын президенти Николя Саркозинин билдиришинче «финансы тармагын бизнеске жана жарандарга кызмат кылган капитализмдин жаңы формасында түзүү» зарыл. Мындай жыйын кеч дегенде келерки айда өтүш керек.