Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

12:06 А.Сарыбаев: Бийлик жок кирешени бар деп айтып жатат


Мындай пикирин “Азаттыкка” экономист Айылчы Сарыбаев президенттин бүгүн элге жана парламентке жасаган кайрылуусу боюнча билдирди. А.Сарыбаевдин айтымында, эгерде инфляция 50 пайызды түзүп, өлкөнүн экономикалык өсүшү 10 пайызды түзсө, аны өсүш деп айтуу болбойт. “Мамлекеттин башында тургандардын, министрлердин өлкөнүн реалдуу экономикасы жөнүндө түшүнүгү мен үчүн түшүнүксүз. Эмгек акы көбөйдү дегени менен, азык-түлүккө жана башка нерселерге баа жогорулап жатпайбы. Элдин кирешеси 12 пайызга өстү деп жатат, бирок элдин кыйналганы кыйналган. Балким президенттин, өкмөт башчынын жана башка аткаминерлердин чөнтөгүндө кирешеси көбөйгөндүр.Бул бийлик өз кемчилигин эч качан мойнуна албаган бийлик. Дүйнө өлкөлөрү кризис болуп жатат, катачылыктарды оңдойлу деп жанталашып жатышса, биздикилер “бизди мактабайсыңар” деп айтат. Мактанчу нерсе болсо мактанат элек да ”, дейт А.Сарыбаев.(MSu)

XS
SM
MD
LG