Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

АТАКТУУ ДИРИЖЕР АСАНКАН ЖУМАКМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ КОНЦЕРТИ БОЛОТ


Бүгүн Бишкекте атактуу дирижер Асанкан Жумакматовду эскерүү концерти өткөн жатат. Бул иш чара жөнүндө белгилүү композитор Мурат Бегалиев “Азаттыкка” аңгеме куруп берди.

- СССРдин эл артисти, Кыргызстандын баатыры, белгилүү дирижер Асанкан Жумакматовду эскерүү концерти өткөрүлүп жатыптыр, анда кайсы оркестр, кайсы дирижерлор катышат?

- Биринчиден, мен айтаар элем, ушул жыл чыгармачылык үчүн абдан катаал жылдардан болду окшойт. Улуу адамдар өтүп кетти, Чыңгыз Айтматов, Эстебес Турсуналиев, Калый Молдобасанов, Ашыраалы Айталиев, Асанкан Жумакматов. Биздин негизги милдетибиз, парзыбыз бул аларды эскерип туруш. Бүгүн ушуга байланыштуу улуу дирижер Асанкан Жумакматов агабыздын чыгармачылыгына кайрылып, аны эскерип чоң программадагы концертти даярдап атабыз. Бүгүн кудай буюрса кечинде концерт болот. Программа абдан чоң. Улуу орус композитору Чайковскийдин алтынчы симфониясы ойнолот, улуу орус композитору Рахманиновдун экинчи фортепиано үчүн концерти, анан биздин Калый Молдобасановдун “Саманчынын жолу” балет-ораториясынан үзүндүлөр ойнолот.

- Ушул оркестр Асанкан Жумакматовдун өзү түзгөн улуттук оркестрби, же бөлөк оркестр ойнойбу?

- Жок, бизде бирден-бир гана Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестр бар эле. Биз 2007- жылдын аягында жаны оркестр ачтык элек, бул Бишкек шаарынын чоң симфониялык оркестри. Ал эми Асанкан Жумакматовичтин өзүнүн оркестри жөнүндө азыр ар түрдүү кептер болуп атат, министрликке берели деп. Менин оюмча бул оркестрди мамлекеттик, же болбосо улуттук үлкөн оркестр кылыш керек. Светский мамлекет деп коебуз го, ошол мамлекетте үлкөн өзүнүн чоң оркестри болмоюнча болбойт. Менин айтаарым, бул симфониялык оркестр сөзсүз калыш керек мамлекеттин оркестри болуп, муну эч качан жоготууга болбойт. Ошондуктан бул оркестрди жалаң гана күчтөндүрүп, эң жакшы музыканттарды кабыл алып, анын деңгээлин бийик көтөрүп анан дүйнөгө чыгарышыбыз керек. Жакшы мамлекетте жакшы оркестр болуш керек сөзсүз.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG