Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

16:15 А.Жекшенкулов: Президенттин кайрылуусу элдин күтүүсүн канааттандырган жок


Мындай пикирин “Акыйкат үчүн” кыймылынынын координатору Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка”билдирди. Саясатчынын көз карашында, саясий-экономикалык оор абалга байланыштуу кайрылууда эч кандай жаңы идеялар, пикирлер айтылган жок. “Бардык маселелер жалпыланып, оор абалдан чыгуунун конкреттүү деле жолдорун укканым жок. Президентти билими төмөн, мамлекет үчүн күйбөгөн адамдар тегеректеп турса, ага мазмундуу кайрылуу жазып бермек эле”, дейт А.Жекшенкулов. Ошондой эле саясатчы президенттин баалуу кагаздарды чыгаруу демилгеси боюнча да пикирин билдирди. “Дүйнөдө кризис болуп, бардыгы баалуу кагаздардан арылып жаткан кезде, биздин президентибиздин баалуу кагаздарды чыгаруу демилгеси түшүнүксүз“, дейт А.Жекшенкулов.(MSu)

XS
SM
MD
LG