Чатакташуунун натыйжасында бир кыргыз чегарачысы денесинен жаракат алды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Айдаркен чегара бөлүгүнө караштуу Чечме кыргыз-өзбек бекетинде Өзбекстандын Сох районуна караштуу Заңгар айылынын эки тургуну кыргыз чегарачылары менен чатакташып, натыйжада №20-23 чегара отрядынын ага-сержанты Шайырбек Мадумаров денесинен жарат алып, Айдаркен аймактык ооруканасына жаткырылган. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (SA )