Ош облустук мамлекеттик акимчилигинен 17-октябрда «Азаттыкка» маалымдашкандай, дубандагы 7 райондо тең райондук кеңештердин сессиялары өткөрүлдү. Анда уюштуруу маселеси каралып, райондук кеңештердин төрагалары болуп жалаң «Ак жол» партиясынын өкүлдөрү шайланышты. Бийликчил «Ак жол» саясий уюмунун Ош облустук лидери Авазбек Шамшиев төрагаларды шайлоо атааандаштык негизде жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, бирок партиялаштарынан канчоосу төрагалыкка шайлангандыгыв туурасында так маалыматы жок экендигин билдирди. (АТо)
18:25 Ошто 7 райондук кеңештин төрагалыгына жалаң «Ак жол» партиясынын өкүлдөрү шайланышты