Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:34

Испания: жарандык согуш маалында 10 миңдеген адамдын дайынсыз жоголушу боюнча иликтөө башталды


Испаниялык судья Балтазар Гарсон 1930-жылдардагы жарандык согуш жана генерал Франконун диктатурасы маалында 10 миңдеген адамдын дайынсыз жоголушу боюнча иликтөө баштады. Сот 19 массалык көрүстөндү ачууга буйрук берди. Алардын бирине белгилүү акын Федерико Гарсиа Лорка көмүлгөн деп болжолдонууда. Лорканы 1936-жылы Франконун тарапкерлери өлтүрүшкөн. Соттун демилгесин бардыгы эле колдогон жок. Диктатордун өлүмүнөн кийин испаниялык саясатчылар өткөн чакта орун алган окуяларды козгобоо жөнүндө макулдашкан. Судья Гарсон Аргентина менен Чилидеги аскерий режим учурунда болгон кылмыштарды иликтеген.

XS
SM
MD
LG