Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Ооганстандын түштүгүндөгү дыйкандар НАТОнун аба соккусунан жайкын тургундар каза тапканына нааразылыгын билдиришүүдө


Алар 17 кишинин сөөгүн Над Али чөлкөм акиминин кеңсесине алып келишти. Жергиликтүү бийлик аталган жерде бейшембиде ооган асерлери менен НАТОнун учактары талиптерге каршы кармашканын бышыктады. Уруш маалында бир нече согушкер жок кылынды, – деп кабарланган.

Бирок акимдин маалымат өкүлү билдиргендей, карапайым адамдар ким тарабынан өлтүрүлгөнү тактала элек. НАТО жетектеген эларалык бейпилдик күчтөрүнүн өкүлү жайкын элдин арасындагы жоготуулар жөнүндөгү кабарды тастыктай албай турганын айтты. НАТО дыйкандардын дооматын иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG