Бир жарым миң калкы бар айыл өзү баш ийген Аблетим айыл өкмөтүнөн 100, район борборунан 70 чакырым ыраакта турат. Айылда жол, байланыш көйгөйүнөн тышкары чек ара, таза суу, электр жарык проблемасы күчтүү. Суу менен электр жарыгы Өзбекстандан келгендиктен ал өлкө аны каалаганда өчүрөт. Айыл калкы таза сууну бир-бир жарым айда 20-25 чакырым жерден ташып алууга аргасыз. Өзбек жоокерлери малы өткөн дерестиктерге айып пул салат. Жашоонун айынан белгиленбеген жерден өткөнү үчүн Өзбекстанда бир-эки күн камалып чыккандар да жок эмес. Бул тууралуу айыл тургуну Бакыт Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, түрдүү жол-ыкмалар менен буга дейре өзбекстандыктар пайдаланган айыл арасынан 70 гектардан ашык (1 км. асфальт жол, 31 гектардан ашык айдоо жана 40 гектардан ашык жайыт) жер Кыргызстандыкы экени таанылды. Ал башкарган чарба чегарачыларды азык-түлүк, жашылча жемиш менен камсыздап, былтыр 40 миң сомдук бир ат берген. (YA)