Мындай маалыматты “Азаттыкка” аталган партиянын облустагы лидери Сарыгул Сыдыгалиев билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук кызматынын облустук бөлүмүндө иштеген Бакыт деген мырза анын атасы Самидин Сыдыгалиевге барып, балаңыз бийликтин кара тизмесине кирип жатат, аны азыркы тапта токтотуш керек деп коркуткан. Сарыгул Сыдыгалиев дагы “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Талас шаарындагы имаратынын эшигин ал жок мезгилде чоочун адамдар ачкыч менен ачып, документтерди текшерген деп шектенет. Облустук улуттук коопсуздук кызматтын өкүлдөрү мындай маалыматты четке кагып, бул жөн гана саясий оюн деп баамдашууда. (UA)