Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

12:10 Ч.Айтматов декадасына карата экинчи Ысык-көл кинофестивалы башталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди. Ч.Айтматов декадасынын башталышы катары бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн экинчи Ысык-көл кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болмокчу. Анда “Астана-2008” деп аталган бешинчи Евразия кинофестивалында гран-при сыйлыгын жеңип алган “Кош бол, Гулсары” аттуу фильм көрсөтүлмөкчү. Фильмди Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” аттуу повестинин негизинде режиссер А.Амиркулов тарткан. Кинофестивалдын катышуучулары бүгүн эртең менен Сталиндик репрессиялардын курмандыктарына арналган Чоң-Таш мемориалдык комплексинде болушуп, Ч.Айтматовдун түбөлүк жайына гүл коюшту. Кинофестиваль 26-октябрга чейин уланмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG