Британиянын жаңы дайындалган коргоо министри Жон Хаттон бүгүн Иракта алгачкы сапары менен болуп, премьер-министр Нури ал-Малики менен жолугушту. Тараптар Ирактын түштүгүндөгү Басрада жайгаштырылган төрт миң британ жоокеринин келечеги тууралуу сүйлөштү. Өткөн аптада Вашингтон менен Багдад америкалык аскерлердин Иракта канчага каларын жалпы жонунан макулдашкан. Бирок келишимдин долбоору дагы такталып, алымча-кошумчалар менен толукталат. Документти азыр АКШнын жана Ирактын бийлик органдары кароодо.