Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

АКШ жана Евробиримдик финансы кризиси менен күрөшүү үчүн бир катар саммиттерди уюштурууну макулдашты


АКШ жана Евробиримдик дүйнөлүк финансы кризиси менен күрөшүү үчүн бир катар саммиттерди уюштурууну макулдашты. Бул тууралуу Вашингтондун жанындагы Кэмп-Дэвидде АКШ президенти Жорж Буштун Франциянын президенти Никола Саркози жана Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу менен жолугушуусунан кийин маалым болду. Журналисттер алдында сүйлөгөн сөзүндө президент Буш жакында эле орун алган финансы кризисинин кайталанышына жол бербөө үчүн дүйнө лидерлери бардык чараларды көрүшү керектигин белгиледи. Алгачкы саммит АКШда, 4-ноябрга белгиленген президенттик шайлоодон кийин өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG