Ооганстандын түштүгүндө талип согушкерлери автобусту барымтага алып, 27 адам мерт кетти. Согушкерлердин маалымдашынча, өлтүрүлгөндөрдүн бардыгы – ооган жоокерлери. Ооган армиясынын генералы Мохаммад Захир Азими бул маалыматты төгүндөп, автобустагы элүү жүргүнчүнүн арасында жоокерлер болбогонун билдирди. Кол салуу 15-октябрда Кандагар провинциясында орун алган.