Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

8:17 К. Кошалиев: Жыштыктарды бөлүштүрүү чакан чөйрөнүн жабык бизнесине айланды


Кыргызстандагы радиожыштыктарды бөлүштүрүү жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кеңеш түзүүү зарылдыгын “Азаттыктын” таңы түз обосунда ЭлТР коомдук телеберүүсүнүн мурдагы башчысы Кадыр Кошалиев белгиледи. Анын пикиринде, Кыргызстандагы жыштыктар учурда бир чакан чөйрөнүн жабык бизнесине айланган.
Кыргызстандагы радиожыштыктардын абалы бүгүн Бишкекте эл аралык конференцияда талкууланганы жатат. Аны Кыргызстандагы “Интерньюс” уюму, Телекөрсөтүү, радиоуктуруу ассоциациясы жана Медиаөкүлчүлүк уюштурууда. Конференцияга жергиликтүү менчик маалымат каражаттарынын ээлери, компаниялардын өкүлдөрү, саясатчылар, АКШдан, Украинадан жана Казакстандан адистер чакырылган. Жергиликтүү адистердин билдиргендерине караганда, жыйштыктарды бөлүштүрүү механизминин ачык-айкын эместиги, лицензия алуунун татаалдыгы, юридикалык базанын туруксуздугу Кыргызстанда маалымат рыногунда оор жагдайды түзүп, мамлекеттин маалымат коопсуздугуна доо кетирүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG