Тегерек үстөл ЖК Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйза жана адам укуктары комитети тарабынан уюштурулууда. Анда “Кыргызстандагы дин ишениминин жана диний уюмдардын эркиндиги” тууралуу мыйзам долбоору жалпы коомчулуктун талкуусуна коюлат. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча мындай талкуу аталган мыйзам долбоордун адам укугу жана диний уюмдардын ишмердүүлүгү жаатындагы мыйзамдуулугун арттырууга көмөктөшөт. Буга чейин бир катар диний уюмдар парламент тарабынан 1-окууда кабыл алынган “Дин ишениминин жана диний уюмдардын эркиндиги” тууралуу мыйзам долбоору коомчулукка белгисиз бойдон кабыл алынып жаткандыгына нааразылык билдирип чыгышкан.(ZKo)
10:00 “Дин ишениминин эркиндиги” тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу тегерек үстөл өтүп жатат