Талкуу эртең Эл аралык республикалык институтта (IRI) өтөт. Ага жыйырмадан ашык партиянын жаштары катышып, өлкөдөгү саясий абал, коомдун өнүгүшүндө партиялардын ролу, партиялардын жана андагы жаштар канаттарынын өнүгүшү, улуттук деңгээлдеги чеимдердин кабыл алынышында партиялардын таасири сыяктуу маселелер талкууланмакчы. Бул тууралуу талкууну уюштуруруп жаткандардын бири Нурлан Жумабаев кабарлады. Анын айтымында учурда Кыргызстанда каттоодон өткөн токсонго жакын партия бар жана алардын дээрлик ар биринде жаштар канаттары түзүлгөн. Бирок кээ бир партиялардын жаштары өз максат-милдеттери эмне экенин биле беришпейт, негизги ой-мүдөөсү жок. Ошондуктан аларга партиянын ичинде ролунун маанисин түшүндүрүү бул иш-чаранын башкы максаты, дейт Нурлан Жумабаев. (EBM)