Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

13:00 Радиотеле жыштыктарды алууда тоскоолдуктар көп


Бул тууралуу бүгүн өтүп жаткан “Жыштыктардагы тазалык” деп аталган тегерек үстөлдө айтылды. Эксперт Шамарал Майчиев жыштыктарды бөлүштүрүү маселесин чечүүгө мурдагы да, азыркы да бийликтин саясий эрки жетпей жатат, деп билдирди. Анын айтуусунда жыштыктарды бөлүштүрүүдө кимдин кызыкчылыгы болуп жатканы тууралуу да маалымат жок, ошондуктан, жаңы мыйзам кабыл алуу менен эле бул маселе чечилип кетпейт. Бир канча бийлик тармактары бири-бири менен эрегишип, жыштыктарды бөлүштүрүү тармагына ээлик кылууну көздөшөт, дейт Шамарал Майчиев.
Маданият жана маалымат министринин өкүлү Кадырбек Абдраевдин берген маалыматы боюнча телерадио иштетүүнү каалагандардын баары Бишкек менен Оштон жыштык алууну каалашат. “Азыр Бишкек менен Ошто бош жыштык калган жок. Ал эми алыскы аймактарга барып иштөөнү каалоочулар жок болууда,” дейт Кадырбек Абдраев. Анын сөзүнө жооп кылып сүйлөгөн “Алмаз” радиосунун Нарын аймагындагы баш редактору Жаркын Ибраева алыскы аймактарда да радиожыштык алууга мүмкүн эместигин айтып кетти. Анын сөзү боюнча “Алмаз” радиосу уктурууларын Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда жайылтып уктурууга жыштык ала албай келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG