Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

13:45 Ноябрдан тартып Кыргызстанда телеберүү-радиоуктуруунун санариптик түрүнө өткөрүү башталат


Алгач Баткен облустук телерадиосу өтөт. Жалпы телерадиолордун баары 2015-жылга чейин санариптик иштөө ыкмасына өтүүгө тийиш. Ушул тапта буга байланышту мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Жыштыктардагы тазалык” деп аталган жыйында КР маданият жана маалымат министринин өкүлү билдирди. Анын айтуусунда санариптик иштөө ыкмасына өткөн учурда жалпы өлкөдөгү телерадиолор кайрадан каттоодон өткөрүлөт.
Расмий маалыматтар боюнча 100 гө жакын телерадио компания катталган, анын ичинен 20-30га жакыны иштейт. Ушул тапта жыштык алуу үчүн 40ка чукул телерадио кезек күтүп турушат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG