Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

14:00 Канатбек Мирзахалилов: Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү диний агымдар күч алууда


Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канатбек Мирзахалиловдун бүгүн тегерек үстөлдө билдиргени боюнча өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү экстремисттик багыттагы диний агымдардын башында “Хизб-ут-Тахрир” партиясы турат. Аталган партия Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн жыл өткөн сайын күчөтүп, катарына жаш балдарды жана аялдарды тартууда. Хизб-утчуларардын Орозо айт күнү Ноокаттагы кылган аракети алардын Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү үчүн өтө коркунучтуу күч экендигин көрсөттү, дейт Канатбек Мирзахалилов. Анын бекемдеши боюнча ушул тапта Кыргызстанда дагы бир нече диний агымдар: Иисус Христос чиркөөсү, Өзбекстандын ислам кыймылы, “Ак боордоштук”, “Акрамия”, Муна чиркөөсү жана башка бир катар сатанисттик кыймылдар өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген агымдар болуп эсептелет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG