Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:55

15:55 Ички мигранттардын 58% Бишкекке жайгашууда

Өлкөнүн 2009-2012-жыл үчүн иштелип чыккан өнүгүү стратегиясында айтылгандай ушул тапта Бишкекте катталган элдин санынан факт түрүндө борбор калаада жашап жаткан адамдардын саны 500 миңден ашуун. Ички мигранттардын дээрлик 60% Бишкектен орун-очок алышууда. Алардын баары турак-жайга, жумушчу орундарга жана социалдык жактан колдоо көрсөтүүгө муктаж, деп айтылат документте. Өлкөнүн өнүгүү стратегиясында белгиленгендей акыркы үч жылда Кыргызстандан кеткен адамдардын саны 100 миңден ашты, алардын 70% эмгекке жарамдуу кишилер.(ZKo)
XS
SM
MD
LG