2008-2009-жылдары суу-энергетика ресурстарын колдонуу боюнча Протоколго Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тиешелүү жетекчилери 17-18-октябрда Алматыда өткөн жыйындан кийин кол коюшту. КР өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги тараткан маалымат боюнча жыйында Борбор Азиядагы суу-энергетика ресурстарын пайдалануу жана аларды жөнгө салуу ар тараптуу макулдашуулардын негизинде жүргүзүлүүсү тийиштиги белгиленди. Ошондой эле тараптар келе жаткан кыш мезгилинде жаратылыш газын, мазут, көмүр жана электр энергиясын өз убагында жеткирип турууну макулдашты. Маалыматта айтылгандай өткөн аптанын аягында Алматыда болуп өткөн жыйын 10-октябрда Бишкекте болгон КМШ саммитинин келишимдерин ишке ашыруу алкагында болуп, ага кыргыз тараптан өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков баштаган делегация катышты.(ZKo)
16:20 Борбор Азия өлкөлөрү суу-энергетика ресурстарын колдонуу боюнча Протоколго кол коюшту