Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

18:12 Ош шаарынын мектептерин 2723 мугалим таштап кетти


Ош шаардык агартуу бөлүмүнүнү башчысы Абдивали Балтабаев «Азаттыкка» маалымдаганына караганда, былтыр 2778 мугалим өз арызы менен жумушунан бошогон болчу. Быйылкы окуу жылы баштала элек жатып мындайлардын саны 2723кө жетти. Анын 2547си аял. Маянанын аздыгы, өкмөт тарабынан жетиштүү камкордуктун жоктугу педагогдорду айлыгы жогору башка кесиптерге, же соода-сатыкка ооп кетүүгө аргасыз кылууда. Жергиликтүү талдоочу Бакыт Абдыразаковдун баамында, мамлекет агартуу тармагына бөтөнчө көңүл буруп, мугалимдерге мурдагыдай социалдык жеңилдиктерди ыйгарбаса, жакынкы жылдарда балдарды окутаарга эжей-агайы жок мектептер чекесинен жабылышы ыктымал. (ATo)

XS
SM
MD
LG