Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Кабулда белгисиз бирөөлөр гуманитардык уюмдун аял кызматкерин өлтүрүп кетишти


Ички иштер министрлиги маалымдаганына караганда, мотоцикл миңген согушчан адамдар аны жумушка бараткан жеринен атып өлтүрүшкөн. Британиянын элчилиги маркум британ жараны болчу деп билдирди. Ал майыптарга жардам берген христиандардын соопчулук уюму үчүн иштечү. Бейөкмөт уюмдардын айтымында, талиптер быйыл гуманитардык кызматкерлерди бутага көп алып келатышат. Кылмыш үчүн жоопкерчиликти талип согушкерлери өздөрүнө алышты. Алардын айтымында, аял христианчылыкка үгүттөгөндүгү үчүн тындым кылынды.

XS
SM
MD
LG