Акыркылардан болуп Швеция финансылык институттарын колдоо чараларын жарыялады. Өкмөт куткаруу планына 205 миллиард доллар бөлгөнү жатат. Кечээ Голландиянын өкмөтү дүйнөдөгү 20 ири банктын катарына кирген ING банкына 10 миллиард евро бөлүп берээрин шардана кылган. Бул аралыкта Кытай өлкөнүн экономикалык өсүшү акыркы 3 айда 9 процентке төмөндөгөнүн билдирди.