Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

8:12 Укук коргоочу Азиза Абдырасулова Жогорку сотко даттанганы жатат


Укук коргоочу Азиза Абдырасулова бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жыйынтыгы боюнча Жогорку сотко даттануу арызын бергени жатат. Шайлоого байкоочу болгон укук коргоочунун биринчи арызын Биринчи май райондук соту 17-октябрда карап, канагаттандырган эмес.
Байкоочунун айтымында, Асанбай округдук шайлоо комиссиясы шайлоо тыянагы боюнча эки жолу токтом чыгарып, анда төрт депутаттын бири алмаштырылган. БШКга жөнөткөн акыркы токтомун округдук комиссия байкоочуларга жана тарапкерлердин өкүлдөрүнө көрсөткөн эмес. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 5-октябрда өттү. (BuS)

XS
SM
MD
LG