Кечээ Минскиде чыгып сөз сүйлөгөн президент Александр Лукашенка мындай кадам кичине да болсо өз өлкөсү үчүн чоң мааниге ээ экенин билдирди. Ал расмий Минск көп кырдуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын айтып, Беларустун Европа менен алакалрынын келечеги кең экенин кошумчалады. 2006-жылы Евробиримдик Лукашенка жана айрым беларус атка минерлерине европа өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салган эле.