КР тышкы иштер министрлиги кабарлагандай АКШ борбордук командасынын делегация башчысы Питер Леннон менен кечээ тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов жолугушту. Анда эки тараптуу аскердик кызматташуу, Ооганстандагы кырдаалды калыбына келтирүү боюнча биргелешип аракеттенүү тууралуу кеп болуп, мындан тышкары эки тараптын кызыкчылыгында турган башка маселелер козголду.(ZKo)