Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, “Скай Сервис” компаниясына тиешелүү “Еврокоптер” тик учагы дем алыш күнү кыйроого учураган. “Кордай-Балхаш” багыты боюнча бара жаткан тик учак тумандан улам аскага урунган. Жыйынтыгында анын учкучу – Орусиянын атуулу каза тапты. Ал эми учактын жүргүнчүсү, 39 жаштагы кыргыз жаранына медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, үйүнө жөнөтүлгөн.(AzK)
12:59 Казакстандын Кордай районунда тик учактын кыйроосунан Кыргызстандын атуулу жабыркады