Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭЛ АРАЛЫК ЭКИНЧИ КИНФЕСТИВАЛЬ ӨТҮҮДӨ


Фестивалдык кароо-сынакка дүйнөнүн 15 мамлекетинин 35 кинотасмасы ат салышмакчы. Мындан сырткары аталган кинофестивал Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналып жаткандыктан, Айтматовдун чыгармаларына тартылган тасмалардын көргөзмөсү өтөт жана Ысык-Көлдүн жээгинде улуу жазуучунун эстелиги ачылат.

19-октябрда Улуттук филармониянын чоң залында ачылган ШКУга кирген мамлекеттердин Ысык-Көл кинофестивалы Чолпон-Атада уланып жатат. Кинофестивалдын коноктору алгач Балыкчы, андан кийин Чолпон-Ата шаарынын көрөрмандары, жалпы киносүйүүчүлөрү менен жолугушту. Чолпон-Ата шаарынын “Чолпон” кинотеатрында фестивалдык тасмаларды кароо казак киночуларынын толук жана кыска метраждуу кинотасмалары менен башталды.

Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы кинематография боюнча департаменттин директору Абибилла Пазыловдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, алгачкы күндөн эле кинотасмаларга карата пикирлер жаралууда:

- Фестивалдын сынактык фильмдерин көрүү башталды. Жюри мүчөлөрү тарабынан алгачкы пикирлер да айтылып жатат. Фестивалдын катышуучулары жергиликтүү эл менен жолугушуп жатышат.

Эл аралык Экинчи Ысык-Көл кинофестивалына баары болуп дүйнөнүн 15 мамлекетинен 140 кинотасма келип түшүп, жарышууга комиссия тарабынан 35 кинофильм тандалып алынды. Фестивалга ошондой эле сынактан тышкары 10 тасма катышат. Фестивалга келген киночулардын арасында – айтылуу Голливуддун киноактеру Марк Дакаскас, ошондой эле Голливуддун төрт продюссери, Канададан жана Чехиядан белгилүү кинорежиссерлор бар. Ал эми Экинчи Ысык-Көл кинофестивалынын толук метраждуу тасмалар боюнча калыстар тобун эл аралык Оскар сыйлыгынын бир канча сыйлыктарынын ээси, чех режиссеру Милан Цизлер жетектеп жатат.

“Кыргызфильм” киностудиясынын директору Бакыт Карагулов фестивалдын жүрүшү тууралу буларды маалымдады:

- “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, Ысык-Көл кинофестивалы да жүрө-жүрө өзүнүн чоң нугуна, чоң багытына жол алат. Мына ушул фестивалдын жүрүшүндө чыныгы мыкты тасмалар жарыштан жеңип чыгарына ишенимим чоң, себеби жюри мүчөлөрү аттуу-баштуу ишмерлер. Андыктан жыйынтык да адилет болот деп ойлойм.

Кинематография боюнча департаментинин директору Абибилла Пазылов болсо кинофестиваль 26-октябрга чейин кароо-сынакка коюлган кинотасмалардын көрсөтүлүшүнөн сырткары Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине байланышкан маданий иш-чаралар менен уланарын кабарлады:

- Кыргызстанга – фестивалга келген конокторубузду Ысык-Көлдүн кооз жайлары менен тааныштыруу иштери уюштурулмакчы. Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун кинотасмаларын көрсөтүү иш-чаралары болот. Көл жээгинде улуу жазуучунун эстелигинин ачылышы өтөт.
XS
SM
MD
LG