Оштогу адам укуктарын коргогон “Эдвокаси” борбору 1-октябрда Ноокат райакимчилигин ташбараңга алган деп кармалып, камакта отурган отуздан ашуун жарандын айрымдарын бошотууну талап кылууда. Аталган борбордун жүйөөсүндө, айыпталгандардын айрымдары негизсиз кармалган. Тополоң маалында башка жактарда болгондугун ырастаган күбөлөрү бар экенине карабастан айрым адамдарды укук коргоо органдары диний ишенимине карап камашкан. Ош облустук ИИБ басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев өз кезегинде Ноокат окуясында шектүүлөрдү кармоо мыйзам чегинде жүргүзүлгөн деп жооп айтты. (ATo)
16:30 “Эдовкаси” борбору Ноокат окуясы боюнча негизсиз камалгандарды бошотууну талап кылууда