Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Кооптуу жагдай боюнча телефондон жалган маалымат айткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат


Мындай билдирүүнү ички иштер министри Молдомуса Конгантиев ички иштер боюнча башкы башкармалыктын ишинин 9 айлык жыйынтыгын чыгарган жыйынында жасаганын “Азаттыкка” министрликтин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Министр өзгөчө мектептерде жана мамлекеттик денгээлдеги иш чаралар өтүп жаткан жерлерге телефон чалып, жалган маалымат тараткандар сөзсүз түрдө табылып, кылмыш жоокерчилигине тартылышы керектигин белгилеген. Ага кийинки учурларда кайсы бир имаратка жардыргыч заттар коюлгандыгы тууралуу жалган телефон чалуулар көбөйүп кетиши себеп болгон. Маселен, жыл башынан бери эле Бишкекте 7 жолу ушундай жалган телефон чалуу катталган. “Мындай телефон оюндары жумуш процессинин үзгүлтүккө учурашына, убаракерчиликке жана моралдык-материалдык жактан терс жагдайларга алып келет. Эми телефон оюнун сүйүүчүлөр колго түшо турган болсо, алар 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”,-деп белгилейт министрликтин басма-сөз кызматы (AzK)

XS
SM
MD
LG