Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

17:30 Ысык-Көл областына кант кызылчасын кайра иштетүүчү завод куруунун экономикалык негизи жок


Мындай оюн “Азаттыкка” айыл чарба продукциясын кайра иштетүү башкармалыгынын башчысы Асанкул Искаков билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын маалымат-кызматы “Эйр Кыргызстан” кыргыз-корея компаниясы тарабынан Каракол шаарында кант кызылчасын кайра иштетүүчү завод курула тургандыгын маалымдаган. Асанкул Искаковдун пикиринде, республикадагы төрт заводдун бири эле Кыргызстанды кумшекер менен толук камсыз кылмак. “Бул завод кандайча, кайсы убакта курулары туурасында бизде маалымат жок. Бирок кант кызылчасы да ар кайсы жерге эле өсө бербейт да. Ага жер кыртышы талаптагыдай болуусу керек. Анын үстүнө азыр заводдор менен кант кызылчасын өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы келишпестиктен, дыйкандар кант кызылчасын өстүрүүгө көңүлдөнбөй жатышат.Кыскасын айтканда, дагы бир заводдун курулушуна азыр эч кандай негиз жок”,- дейт Асанкул Искаков.Быйыл республика боюнча сегиз жүз гана гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Ал эми беш жыл мурун кызылча аянты отуз эки миң гектар болчу. (АzK)

XS
SM
MD
LG