Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

17:41 Чүйдө шайлоодогу мыйзам бузууларга байланышкан көп арыздар кабыл алынган жок


Бул туурасында аймактагы жергиликтүү кеңештерге ат салышкан талапкерлер «Азаттыкка» маалымдашууда. Алардын айтымында көп добуш алган талапкерлер мыйзамсыз жолдор менен тизмеден чыгарылып калган учурлар кездешүүдө. Алардын бири Аламүдүн айылдык кеңешине талапкер болгон Беккул Акылбеков: «№179 шайлоо чөлкөмүнөн жеңип чыккам, бирок токтомдо менин №180 шайлоо чөлкөмүнөн өтпөй калганым туурасында жазылып турат. Токтомдогу цифралар бири-бирине дал келбейт. Бул туурасындагы арызым да кабыл алынган жок», -дейт. Ал эми БШК маалымат кызматынын өкүлү Б. Жумагулов кайрылгандар өздөрү түшүнүктүү арыз жазууну билишпейт деп билдирет. Кийинки жумада Чүйдөгү бир шайлоо чөлкөмүндө кайрадан шайлоо өтөөрү күтүлүүдө. (JJ)

XS
SM
MD
LG