Орто Азиядагы саясат, экономика, социалдык абал Эл аралык конференцияда талкууланат. Бүгүн Бишкекте баштала турган Эл аралык конференциянын ишине чет өлкөлүк жана жергиликтүү жүздөн ашык окумуштуулар катышмакчы. Конференцияны Кыргызстандагы “Ататүрк - Алатоо” кыргыз-түрк, Махмуд Кашкари атындагы чыгыш университеттери, Түркиядагы Кожали университети биргелешип уюштурууда. Бул тууралуу Азаттыкка Махмуд Кашкари университетинин ректору Асан Ормушев билдирди. (BuS)