Линктер

бейшемби, 24-август, 2017 Бишкек убактысы 01:18

Р. Гейтс АКШ - Ирак ортосундагы аскер күчтөр боюнча келишим такталбаса, кесепеттери өкүнүчтүү болоорун эскертти


АКШ коргоо министри Роберт Гейтс журналисттерге макулдашуу макамына жетишилбесе америкалык аскер күчтөрүнө Ирактагы операцияларын убактылуу токтотууга туура келет деп билдирди. Макулдашуу долбоору Ирактын саясий лидерлеринин купулуна толбой, айрым саясий күчтөр макулдашууга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда. Гейтстин айтымында, Кошмо штаттар макулдашууну кайра кароого өзгөчө ынтызар эмес. АКШ күчтөрүнүн Иракта болуу мөөнөтү боюнча БУУнун мандатынын мөөнөтү 31-декабрда бүтөт.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG